Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты. Бирок "Кыргыз алтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлө турганын айтты.
Бул маселенин биринчи жолу көтөрүлүп жатпаганы да коомчулуктун эсинде. 2012-жылы өкмөт башчы болуп турган Өмүрбек Бабанов "Кумтөргө" 16 миң гектар жерди бөлүп берүү тууралуу 2009-жылы кол коюлган токтомду жокко чыгарган. Учурда бул маалыматтын тегерегинде социалдык тармакта учурдагы өкмөттү сындаган кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.
SUPER.KG порталы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени айтылды. Коруктун аймагын кен казууга берүү туурабы?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Премьер-министр "Сары-Чат - Ээр-Таш" коругунун аймагында чалгындоо иштери жүргүзүлөт деген маалымат туура эмес экенин айтты. Бул боюнча териштиребиз"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул маселенин чоо-жайын билүү үчүн азыр эле өкмөттөн чыкканын айтты. "Премьер-министр менен жолугуп чыктык. Ал "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилген" деген туура эмес маалымат чыгып кеткенин айтып жатат. Бирок бул боюнча териштирүү керек. Териштиребиз. Коруктун аймагын кен казууга берүү туура эмес, экологияга зыянын тийгизет. "Центерра Голд Инк." компаниясы менен өкмөттүн ортосунда ушул жылдын август айында кол коюлган стратегиялык макулдашууда 16 миң гектар жерди "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун аймагын кен иштетүүгө берүү боюнча пункт да, сөз да жок. Бирок талаш жараткан айрым учурлар бар. 2012-жылы Жогорку Кеңеш, өкмөт дагы токтом кабыл алып, 16 миң гектар жерди кен иштетүүгө аталган компанияга берген эмеспиз", - дейт Бекешев.
РЫСПАЕВ: "Коруктун аймагы кен казууга берилбеш керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек деген пикирин айтты. "Бул боюнча биз өкмөткө суроо-талап жөнөттүк. "Сары-Чат - Ээр-Таш" коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты кен казыш үчүн берилди деген маалыматтан алысмын. Анткени "Кыргызалтындын" жетекчиси чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт деп айтты. Негизи коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек", - дейт Рыспаев.
ИСАКОВ: "Өзүбүздүн адистер жетилгенче чукул түрдө кен-байлыктарды казууга мораторий жарыялоо зарыл"
БӨЛӨКБАЕВ: "Коруктун аймагын кен казууга берүү табиятка зыянын тийгизет"
"Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаев коруктун аймагын кен казууга берүү туура эмес экенин белгиледи. "Коруктун аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүү табиятка зыянын тийгизет. Азырынча документтер менен толук тааныша элекмин. Бирок негизи эле коруктун аймагын кен казууга берүү туура эмес. Бийлик дагы мындай кадам туура эмес экенин жакшы билет", - дейт Бөлөкбаев.
ЖУНУСБЕКОВ: "Өкмөттүн корук аймагын кен казганга берип жатышы туура эмес"
Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда компания жерлерди алганын эске салды. "Революциядан кийин Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп келип, ал токтомду жокко чыгарган. Анан бүгүнкү өкмөттүн жерди берип жатышы, албетте, туура эмес. Бул революцияда болгон ураанды жокко чыгаруунун бир далили болуп эсептелет. Кыргыз мамлекетинде суу негизги байлык болуп эсептелинет. Биринчи суу байлыгы, андан кийин энергетика. Анан ошол экөөнү тең талкалаганга болбойт. Ал жерде суунун запастары турат. Мындайча айтканда, мөңгүлөрдү талкалап, андан кийин суунун запастары жоголот. Жаратылышты жок кылышат. Пайдасы өтө деле көп эмес. Биз урпактарга өнүккөн мамлекетти өткөрүп беришибиз керек. Урпактарга таштандыларды өткөрүп берген туура эмес", - дейт Жунусбеков.
ЭЛЕРИ БИТИКЧИ: "Коруктун аймагын кен казууга берүү мыйзам бузуу менен кабыл алынган чечим"
Тарыхчы Элери Битикчи билдиргендей, "Сары-Чат - Ээр-Таш" илбирс тукумдап жүргөн Кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз жер экенин айтты. "Менин оюмча, бул мыйзам бузуу менен кабыл алынган чечим. Чечим боюнча, коомдук талкуулар болушу керек болчу. Корук илбирс тукумдап жүргөн Кыргыз мамлекетиндеги жалгыз жер. Бул мыйзам бузуу башка мыйзамсыз чечимдерге жол ача турган чечим. Билишимче, Казармандагы "Саймалуу-Таш" коругун да ушинтип алтын үчүн кесе турмай болду", - дейт Элери Битикчи.