Астротөлгө: 7-январь күнү төрөлгөндөр сүйкүмдүү жана жогорку интеллектке ээ болушабы?

7-январь күнү төрөлгөн адамдар сүйкүмдүү, акылдуу жана боорукер болушат. Башка адамдардын суктануусун жараткан табышмактуулугуна артисттик өнөрү айкалышып турат.

Сезимтал келгендиктен айланасындагылардын ар биринин маселесин жүрөгүнө жакын кабыл алып, көйгөйүн угуп, кеңеш берип отурат.

Жашоодо бактысын күтүп же башкадан издегендерге таңдана беришет. Анткени бул күнү төрөлгөндөр бакыт ар бир адамдын өзүндө, эгер адам колунда бар нерсеге канааттанып жашаса, ал эң бактылуу деп эсептешет. Ошол эле учурда муну кедейликти жамынуу эмес, канааттана билүү деп түшүндүрүшөт.

Бул күнү жарыкка келгендер өтө акылдуу болгондуктан досторунун арасында кадыр-баркка ээ болушат. Айрым учурда жогорку интеллекти менен өзүнөн улууларды уяткарып, кезеги келсе жол көрсөтүп коё алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан