Бүгүн, 3-июлда Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго баласын куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
"Баламды ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын!" - деп жазылат билдирүүсүндө.
Айта кетсек, Нурэмир Бабанов ЖРТдан 224 балл алып, "Алтын сертификат" ала турган бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирген. Бүгүн президент аларга "алтын сертификат" тапшырды.
2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. 30-декабрда ал саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.
Ал эми 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, Бабанов Орусияда жүргөнү айтылат.