Жогорку Сот Кубанычбек Кулматовду тергөө аяктаганга чейин камакта калтырууну чечти.
Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттон Кулматовду камакта кармоо негизсиз деп, аны үй камагына чыгарууну суранган. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Буга чейин 5-июнда Биринчи Май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң ушул эле сот Кулматовду камакта калтырып, мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.
Эске салсак, Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.