5-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Кулматовдун жактоочусунун билдирүүсүнө ылайык, сот аны 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган.
"Биз райондук соттун чечимине макул эмеспиз. Беш күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз", - деди Кулматовдун жактоочусу.
Буга чейин Кулматов УКМКда төрт сааттай сурак берип чыгып, дароо Биринчи Май райондук сотуна жөнөп кеткендиги маалымдалган.
Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.