ЖЭБ соту: Отурумда Бишкек ЖЭБи Кытайдын стандарттары менен жаңылангандыгы айтылды

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында, иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн. Отурумдун башында судья Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, бул иште айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айткан.

Отурумда мамлекеттик айыптоочулар белгилегендей, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоодогу келишимден баш тартууга мүмкүнчүлүгү болсо дагы, техникалык негизи жок иш-кагаздарга кол койгон. Жантөрө Сатыбалдиевдин мындай кадамы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен жең ичинен сүйлөшүп алган дегенге негиз болгонун айтышты. Мындан тышкары, Темирлан Бримкуловдун TBEAнын өкүлү болгон Мусажан Макелек менен тыгыз байланыш түзгөндүгү айтылды. Мамлекеттик айыптоочу Бишкек ЖЭБи өлкөнүн мамлекеттик стандарты менен эмес, Кытайдын стандарттары менен курулганын белгиледи.

"Бул мыйзамды бузуу болуп саналат. Ошентип Исаковдун, Сатыбалдиевдин, Калиевдин, Авазовдун, Назаровдун, Бримкуловдун коррупциялык кылмыштуу махинациялары мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндөгү ири чыгым келтирди. Ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лаврова "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" менен коррупциянын ишке ашуусуна көмөк көрсөткөнүн дагы эскерте кетели", - деди мамлекеттик айыптоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alimbek1000
2019-11-27 17:32:55
Койгулачы алтындарым калптын да чеги болот. Кичине ишеничтүу кылып айткыла калп айтсаңар да
+2
Jaznura
2019-11-27 17:39:12
С. Исаков КР президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезинде ал кездеги президент А. Атамбаевден профилдик министрликтердин дарегине конкреттүү түрдө ТВЕА компаниясы менен иштөөнү улантуу боюнча кат жүзүндө буйрук демилгелетип алуу үчүн 2013-жылдын 21-майында А. Атамбаевге кызматтык кат көтөрүп кирген экен. Негизи ага чейин президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүн жетектеп турган Н. Ахметова эксперт Н. Кравцов менен сүйлөшкөндөн кийи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан