2003-2004-жылдары "Ва-Банк" сериалын көрбөгөн киши чанда кездешсе керек. Мына ошол тасмада башкы ролду жараткан түштүк кореялык актёр И Бёң Хон 1970-жылы 12-июлда Сеулда төрөлгөн. Ар тараптуу таланттуу мырза төрт тилде эркин сүйлөйт. Саякаттоо жана шляпалардын түрүн коллекциялоо - анын хоббиси.
Актёрдун атасы жеке ишкер болгон. Үй-бүлөсүндө И Бёң Хондон тышкары карындашы Ли Ын Хи дагы коомчулукка таанылып, 1997-жылы "Мисс Корея" титулуна ээ болгон.
Актёр мектепти аяктаган соң, Ханян университетинин француз адабияты адистигин окуп бүтүргөн. Андан соң Чунан университетинин "Театр жана кино" бөлүмүн аяктап, ушул жаатта өзүн табат.
Анын кино жаатындагы карьерасы 1991-жылы KBS телеканалынын "Менин шаарымдын асфальты" телесериалына тартылуусунан башталган. Андан кийин да бир нече тасмаларда роль жараткан. Бирок ал актёр катары 2000-жылы тартылган "Бириккен коопсуздук аймагы" тасмасында таанылып, ал кинотасма ошол кездеги эң каржы топтой алгандыгы менен эсте калып, И Бёң Хон "Эң мыкты эркектин ролу" наамын, ошондой эле Пусан киносынчыларынын премиясына ээ болгон.
Дүйнөлүк атакты 2003-жылы тартылып "корей толкунун" жараткан "Ва-банк" сериалындагы Ким Ин Ханын ролу алып келди. Ушул тасмада дүйнө элинин, ошондой эле Голливуддун мыкты режиссёрлорунун көзүнө илине алган.Кыздардын жүрөк оорусуна айланган актёр 2003-жылы "Ва-банк" тасмасындагы өнөктөшү Сон Хе Гё менен сүйүү романын курган. Бирок түгөйлөр бир жылдан кийин эки башка жолго түшүшкөн.
Андан тышкары 2009-жылы Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы жашыруун сырларды, биригүүгө болгон аракеттерди жана ага каршы турган атайын жактардын ишмердүүлүгүн чагылдырган "Айрис" сериалына тартылган.
Карт бойдок 7 жылдык сүйүү мамилесинен соң 2013-жылы актриса Ли Мин Чжонго үйлөнгөн. Сеул шаарында өткөн актёрдун үйлөнүү тоюна 900дөн ашуун конок чакырылып, корей шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар катышкан.
Жылдыздуу түгөйлөр 2015-жылы 31-мартта уулдуу болушкан. 2016-жылы актёр уулу Ли Чжун Хонун биринчи туулган күнүндө салтанаттуу кече уюштурган.