ЖЭБ боюнча изилдеген эксперттик топтун жетекчилери камакка алынды

Бишкек ЖЭБ боюнча изилдөөгө алган эксперттик кызматтын жетекчилери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштерди иликтөө үчүн соттук-курулуш-техникалык комплекстүү экспертиза дайындалган. Эксперттик топко ошол эксперттик кызматтын жетекчилиги таасир бергендиктен, эксперттик топ документтерди иликтебей туруп эле 25-июнда мыйзам бузуу менен туура эмес жыйынтык чыгарып коюшкан.

"Башкы прокуратура эксперттик кызматтын жетекчилерине карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалоо" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Натыйжада аталган кызматтын эки жетекчиси жана бир кызматкери камакка алынды. Тергөө УКМКга өткөрүп берилди, алар тергөө ишин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Башкы прокуратура мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун "Башкы прокуратура менен УКМК эксперттик топтун ишине кийлигишип жатат" деген дооматын четке каккан.

Айта кетсек, 9-июлда жактоочу Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоодо коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеген тергөөчүлөр аталган кызматтын кызматкерлерине басым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан. УКМК бул маалыматты четке каккан эле.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-11 17:13:57
Андан кийин С.Исаковдун воопше тиешеси жок экен туура эмес иликтенилип калыптыр. Эксперттик кызматынын жетекчилерин баарын кошуп камадык.С.Исаковду актадык деп чыгарып жиберишеби? Адвакаты шашылды окшойт!Эки ай болду эми актап чыгарышат!Аша менен Сокенин спектакль кантип бутөөр экен?!
0
kairhai
2018-07-11 18:21:32
кимдер камалды ф.и.о
+3
uli1234
2018-07-11 18:49:59
Сапар камалыш керек атамбаевти кошуп
0
kolyn
2018-07-11 23:45:48
Биринин шапкесин бирине кийгизип...
0
aidartegin
2018-07-12 13:02:16
жогору жактан бир нерсе ОЙЛОП тапкыла дешти эле таба албай коюштуу да... Далил жок экени корунуп калды!
0
aidartegin
2018-07-12 13:04:09
МЫна сага КАЛЫСтык сот жок бизде, жалган жалаа окум суруп келген жана окум суроо берет окшойт.. Таба албаса камашса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан