СИЗОдо отурган депутат Осмонбек Артыкбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө

УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Осмонбек Артыкбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Учурда Артыкбаевдин абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дешти УКМКдан.

23-октябрда Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен ага "Тез жардам" кызматы чакырылып, биринчи жардам көрсөтүлгөн болчу.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган. Ошондой эле ага козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2018-10-25 20:38:20
жон кана камалгандар толуп кетти го. Бул кишиде деле куноо жок.Жон кана саясат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан