Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үй камагына чыкканын анын агасы Талантбек Исаев сүйүнүч менен кабыл алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
"Иним жок дегенде үйдө болот. Анча-мынча сүйүнүч менен кабыл алып жатабыз. Азырынча эч нерсе бүтө элек, иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү. Акыйкат каралып, акыйкат чечим чыгат деген үмүттөбүз", - деди Талантбек Исаев.
Бүгүн Канат Исаев үй камагына чыгарылды.
Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.
Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.