Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча премьер-министр кол койгон токтом БШКга түшө элек

Албек Ибраимовду Бишкек шаарынын мэрлик кызматынан кетирүү боюнча премьер-министр кол койгон токтом Борбордук шайлоо комиссиясына түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Токтом түшсө Бишкек шаарынын мэрин шайлоо качан өтө турганын карайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы 20 күндүн ичинде өтө турган шайлоонун күнүн белгилейт", - деди Бекматов.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Кечээ, 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Кечээ Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazake
2018-07-20 11:37:52
А. Ибраимовдун жердештери Арашан айылында чогулуп, жыйын куруп атышканы тууралуу кеп кетти. Жыйынга жалпысынан 40 чакты адам катышууда. Анын жүрүшүнө жакшылап баам салсак, бул атайылап жасалып аткан аракет экени көрүп турат. Көпчүлүн тууган-уруктары, анан анча-мынча кызыкчылыгы бар адамдар болууда.
Демек, А. Ибраимов бир убакта өзүнүн «кожоюну» айтып жүргөндөй жердештеринин артына жашырынып, өлкөдө стабилдүүлүктү бузуу менен болсо дагы жоопкерчиликтен кутулгусу келип турабы?
+1
bekmirzach
2018-07-20 11:38:41
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин доору жүрүп турган маалда, кандайдыр бир коррупциялык ишке шектелип, камакка алынган саясатчылардын тууган-уруктары, жердештери чогулуп, митинг уюштурушканда:«Ана тигил саясатчы энелердин этегине жашынып атат, жердештеринин артына жашынгысы келип атат» деп эле опурулуп калчу эле АША. Эми ошол эле тактиканы өздөрү колдоно баштады.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан