Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков абактан ооруканага жеткирилди. Ал өткөн жылдын июнь айында УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганы маалым.
"Бүгүн Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлердин консилиуму өттү. Анын негизинде ага кыр арка омуртканын ичиндеги тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлду. Андан кийин ал врачтардын коштоосунда ооруканага жеткирилди. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жатат", - дешти УКМКдан.
Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда өкмөттүн маалыматтык саясатын жетектеп турган Гүлнура Төралиева социалдык тармактагы баракчасына "бир канча күн мурун анын абалы оор болуп жатканы үчүн жубайы толтура дары-дармек алып барып берген" деп жазды.
Кыр арка омурткасындагы кан тамырлардын синдрому (синдром позвоночной артерии) - бул омуртканын ичиндеги тамырларда кан айлануунун бузулушу. Аталган синдром жаш куракта инсульт алуунун бирден-бир себеби болуп саналат.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.