Бишкек шаарындагы ЖЭБди оңдоп-жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, учурда камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков алгачкы билдирүүсүн жасады. Бул билдирүүнү КСДП партиясы таратты. SUPER.KG порталы анын толук текстин сунуштайт.
Исаков: "Бизге тагылган айыптарды тастыктаган бир да далил жок"
"ЖЭБди модернизациялоо маселеси боюнча тергөөнүн жыйынтыгы жана соттук териштирүүлөрдүн башталышы бул кылмыш ишинин жасалмалуулугун, саясий жана буюртма мүнөздө гана экенин тастыктады.
ЖЭБдеги кыйроого чыныгы күнөөкөр адамдар жана ЖЭБди 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдаган, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү оңдоону сапатсыз жүргүзгөн адамдар айыптоолорго жамынып алып, президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын "кеңешчи сөрөйлөрүнүн" саясий буюртмасын аткарышууда. Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго, Темирлан Биримкуловго, Ольга Лавровага карата тагылып жаткан айыптоолор негизсиз. Кыйроонун себептерин талдап чыгып, аларды четтетүүнүн ордуна, биз бийликтегилердин көйгөйдү "оору баштан соо башка" оодарган таптакыр ойго келгис иш-аракеттерин көрүп турабыз.
Мага жана жогоруда аталган башка адамдарга карата коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр куржалак жана саясий популизм менен укуктук түр көрсөткөн "шылуундуктун" аралашмасы болуп саналат. Тергөөнүн жүрүшүндө жол берилген процессуалдык жана башка бузуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо системинин беделин түшүрүүдө, тергөө жана көзөмөл кылуу органдарынын кесипкөйсүздүгүнүн айкын мисалы болууда. Кылмыш ишинде Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө бекитилген келишим боюнча бизге тагылган айыптарды тастыктаган бир да далил жок, болгон да эмес", - дейт Исаков.
Исаков: "Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча негизги иштерди аягына чыгарууга милдеттүү болгон"
"2018-жылдын январындагы кыйроо учурунда жана андан кийин мен жетектеген өкмөт бузулгандарды четтетип, жылуулук энергиясын берүүнү жандандыруу жана кыйроонун шаардыктар үчүн жагымсыз болгон кесепеттерин колдон келишинче жумшартуу боюнча чукул чараларды көргөн.
Биз 2017-жылдын дээрлик сентябрына чейин иштеген жана 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча негизги иштерди аягына чыгарууга милдеттүү болгон Сооронбай Жээнбековдун мурунку өкмөтүн күнөөлүү деп "түртө" салган жокпуз. Алтургай, мен Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурап, убада бергендей, өзгөчө кырдаалды кыска мөөнөт ичинде жөнгө сала алдык. Ошол күндөрү Бишкекке туруштук берүүгө ЖЭБдин модернизацияланган, башкача айтканда, жаңыланып курулган, кыйроо жана аномалдуу сууктун шарттарында кынтыксыз иштеген бөлүгү жардам берди.
Бирок болуп өткөн кыйроодон Ак Үйдүн жаңы кожоюндары өзүлөрүнүн саясий кегин, бөлүп айтканда, менден өч алуу мүмкүнчүлүгүн көрөт деген жагдайды биз таптакыр эске алган эмес экенбиз. Бул жерде жекече жектөөбү же саясий тыкыр эсеп басымдуулук кылдыбы, аны мен айта албайм. Бирок мындай аракет бат эле байкалды жана азыраак убакыт өтпөй, ачык эле болуп калды.
Коомчулуктун көңүлүн кыйроонун чыныгы себептеринен жана мурунку өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерден алагды кылуу үчүн ЖМКда макулдашуу учурундагы жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы ар кандай бузуулардын темасы активдүү талкууга түштү.
Коомдук аң-сезимге ЖЭБдеги кыйроого модернизация күнөөлүү болду деген пикир тынымсыз таңууланып турду. Кыйроо ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон деген биздин эскертүүлөрүбүздү эч кимдин уккусу келген жок. Расмий кызматтагылар кытайлык ТВЕА компаниясы иштин наркын жогорулаткан деп адамдарды ишендирип жатышты, бирок ошол эле учурда орусиялык Интер РАО ЕЭС компаниясы ЖЭБдин жогорулатылган 1 МВт кубаттуулугу үчүн өз кызматын 1,55 эсеге кымбат нарк боюнча сунуштаганы туурасындагы фактыны таптакыр четке кагышты".
Исаков: "Коррупцияга айыпталарым оюма да келген эмес"
"Жеке мени кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон дешип жок жерден айыпташууда, бирок бул компанияны долбоордун бирден бир аткаруучусу кылып кимдир бирөөлөр эмес, Кытай Эл Республикасынын өкмөтү өзү аныктаганын таптакыр эске албай жатышат. Модернизациялоо долбоорун каржылап жаткандан кийин бул Кытай өкмөтүнүн укугу болгон. Аталган маселенин Жогорку Кеңеште талкууланышы жана анын артынан Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашууга тиешеси бар кызмат адамдарын кылмышка куугунтуктоо бетпактык менен эки жүздүүлүктүн жеткен чеги болуп калды.
Ошол учурда биз расмий каналдардан тынымсыз куюлуп жаткан ачыктан ачык популисттик демагогияга каршы тура албаганыбызды моюнга алуу керек. Адамдар да бул калпка ишенип калышты.
Бирок биз чындык менен адилеттүүлүк эртедир-кечтир салтанат курарына ишенебиз. Жыл өтсө да айыптоочу тарапта биздин күнөөбүздү тастыктаган бир да реалдуу далилдердин жок экени ачык болуп калды.
Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган. Айыптоо корутундусу юридикалык документти эмес, далили жок ушак-айыңдардын топтомун эске салат. Жээнбековдун пиарчылары иштин аныгын билбеген адамдардын эмоционалдуу абалынан пайдаланып кетишти. Карандай калпка кошуп "элден уурдалган акчалар" делинген оңбогондой ири суммаларды айтып жатышса, мындайга ким ишенбейт.
Бийлик тараптан коомчулукка таңууланып жаткан уламыштарды жокко чыгаруу үчүн биздин адистер "Кыскача маалыматтык материалды" даярдашкан. Муну менен таанышып чыккан анча-мынча сабаты бар ар бир адам бизге тагылып жаткан айыптоолордун ойдон чыгарылган сандырактыгына көзү жетет.
Бир жылга жетпеген убакыт мурда мынчалык караланып, коррупцияга айыпталарым оюма да келген эмес. Ата-энем, улуу жолдошторум мени паракорлор менен коррупционерлерди жек көрүүгө тарбиялашкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Исаков: "Кыргыз эли чындыкты билиши үчүн күрөшөм"
"Мен чынында эле улуттук кайра жаралуу долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, анын ичинде, Бишкек ЖЭБдин жаңы бөлүгүн курууну жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеяларын алдыга жылдырууну, Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоону чын дилимден колдогон элем. Курулушту ишке ашырган уюмдар же тендер өткөрүүдө айрым мекемелер тарабынан жасалган кандайдыр бир бузуулардын болгонун жокко чыгарбай туруп айтканда, булар өлкөгө керектүү чечимдер болгон. Мен дайыма өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ак иштегем.
Расмий кызматтагы кишилер жана бийликке жакын маалымат каражаттары таратып жатышкан бул ыплас калп өтпөгөн адамдардын ишенип алганын аңдап билүү абдан оор.
Менин күнөөм жок экенине ишенген бардык жарандарга терең ыраазымын. Мен сиздерди уятка калтырбайм! Өзүмдүн үлүшүмө туш келген бардык сыноолорду көтөрөм жана атымдын ак экенин коргойм. Көз карандысыз эксперттер КТРКнын мен жөнүндөгү көрсөтүүлөрүнүн буюртма жана атайын мүнөздө болгонун далилдешти. Ошондуктан мен Кыргыз эли чындыкты билиши үчүн күрөшөм. Мен акмын жана муну кандай болбосун, далилдейм. Анткени чындык мен тарапта!" - деп чакырды Исаков.