25-июлда өтө күчтүү, аябай эмоционалдуу жана сезимтал адамдар төрөлүшөт. Алар колу ачык, харизмасы күчтүү ошол эле учурда текебер адамдар болушат. Чынчылдык - дал ушул күнү төрөлгөн арстандардын эң негизги, өзгөчө сапаттарынын бири. Эгерде бирөөгө убада берсе, аны сөзсүз аткарышат. Мындай табияттан берилген мүнөзү өзүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Бул күнү төрөлгөн арстандар сүйүү жана достук мамилесинде чын дили менен берилген өнөктөш боло алышат. Бирок көз карандысыздыкты баалаган адамдар болгондуктан, булардын эркиндигин камсыз кылуу өнөктөштөрү үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул күнү төрөлгөн арстандар өз бактысын арстан, кой жана жаачы жылдызынын алдында төрөлгөн адамдардан издесе жаңылышпайт. Ал эми чаян жана букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр менен эч качан мамиле кура алышпайт. Андыктан булардан бактысын издеп убакыт коротпой эле койгону оң.
Бул күнү төрөлгөн адамдар алдыга максат коюп, ошонун артында ийгилик жарата алышат. Булар өздөрү каалаган кесипти тандай алышат. Алар музыка, искусствого жакын адамдар болушкандыктан чыгармачылык жаатында өздөрүн өнүктүрө алышат. Ал эми башкаруу чөйрөсүндө иштесе ийгиликтерге жете алышат. Алар иштеген ишин ар дайым барктап, сыйлап турушат. Ар дайым кесиптештерине жардам берүүгө даяр. Ошондуктан булар кандай жумушка туш болбосун кесиптештери менен оңой тил табышып кете алат.