Астротөлгө: 29-июль күнү төрөлгөндөр мекенчил болушабы?

29-июль күнү төрөлгөн адамдар сылык, мамилечил жана мекенчил болушат. Булар терең ойлонгон, өзүнө сак жана кандайдыр бир максаты бар адамдар. Кандай кырдаал болбосун ар дайым терең ойлонуп чечим чыгарышат. Алар таарынып, кек сактагандын ордуна кечиримдүү болууну жакшы билишет.

Ал эми жеке мамиледе берешен жана сүйүктүү өнөктөш боло алышат. Ошол эле учурда абдан эмоциялуу келишет. Алар ички сезимин ачык айткандан тартынышпайт.

Алар ишине так, жоопкерчиликтүү жана берилген тапшырмаларды туура аткарган адамдар. Ушул сапаттарды баалашат. Бул күнү жарыкка келгендер журналистика, искусство, театр же техника жаатында эмгектенсе жаңылышпайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан