Астротөлгө: 15-мартта төрөлгөн адамдар жалгыздыктан коркушабы?

15-мартта төрөлгөн адамдар бир нерсени тез кабыл алып, тез үйрөнүүгө шыктуу жана назик, сезимтал болушат. Достукту баалашкандыктан аларды курчаган достору көп десек болот. Кандай кыйынчылык болсо да бири-бирин колдоого даяр болушат. Ал эми иш жаатында кандай иш болсо да иштөөгө даяр. Карьерасын өтө жеңил, кыйынчылыксыз жасоого аракет кылышат. Ошондой эле булар лидерлик сапатка ээ болгондуктан ар бир жумушту өзү каалагандай жасап, ийгилик жаратууга ашыгышат. Өзүнө ишенгендиктен эч кимден жардам, кеңеш сурабай эле иштин көзүн таба билишет.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар жалгыз иштөөнү да, жашоону да каалабайт. Ошондуктан алар өнөктөшү менен убакыт өткөрбөй эле дароо үй-бүлө курууга умтулушат. Үй-бүлөгө камкор, бекем болушат. Алар жашоосунда жалгыздыктан коркушат жана жалгыз калган учурда өзүн жаман сезишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан