Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узартты. Мындай чечимди ишти караган сот Айбек Эрнис уулу кабыл алды.
Сапар Исаковдун жактоочуларынын бири Замир Жоошовдун айтымында, соттун чечимине ылайык, Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Ал эми тергөө иши 13-октябрга чейин узартылганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ишин карап, аны 2 айга камакта калтырган. 24-июлда Жогорку Сот шаардык соттун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.
Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.