Бул күнү төрөлгөндөр атактуулукту жакшы көрүшөт. Ар бир адам тагдырын өзү каалаган нукка бурса болот дейт да, айрым учурда убактылуу бийликке кол уруп көрөт. Жашоосу жомоктогудай болуусун кааласа, ага оңой кол жеткире алат. Себеби муктаж нерсеге жетмейинче талбай аракеттене беришет.
1-август күнү төрөлгөндөр адамдардын башкалар байкабаган сапаттарына көңүл буруп, ар бир адамдын эсинде жылуу жылмаюусу менен калышат. Өзүнө талапчыл жана ачуулуу болгону менен, достору жана кесиптештеринин алмаштыргыс сырдашы, кеңешчиси. Табиятынан калпычыны жүзүнөн окуй алган мындай адамдар сейрек гана алданышат.
Ушул күнү жарык дүйнөгө келгендер түгөйлөрдүн ортосунда эң биринчи кезекте ишеним болуусуна көңүл бурушат. Ошондуктан 1-август күнү төрөлгөндөр ак куу сымал ишенимдүү сүйүктүүсүн кезиктирип көп балалуу болушат же тескерисинче, өмүр бою түгөй издөө менен убара тартышат.