Жарандык активисттер 8-августта өтө турган Бишкектин мэрин шайлоону токтотуп турууну талап кылып БШКга кайрылышты

Жарандык активисттер 8-августта өтө турган Бишкек шаарынын мэрин шайлоону токтотуп турууну талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына укук коргоочу Калича Өмүралиева билдирди.

"Биз кечээ, 1-августта шайлоону токтотуп туруу боюнча БШКга кат жөнөттүк. Жакында өтө турган мэрди шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Шайлоо ачык жана атаандаштык менен өтүш керек", - дейт Калича Өмүралиева.

26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясы, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштабай турганын билдирген.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i1urp
2018-08-02 12:36:03
Туура. Азыркы бизнесмен мэр болуп жарытпайт. Башка киши калбай калгансып марионетканы алып келишти. Эми бул мэр озунун бизнесин, Жээнбековтордун кызыкчылыгын коргоп, депутаттардын марионеткасы болуп журуп отот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан