Өмүрбек Текебаев: "Текебаев аялдарды тандоодо жаңылган эмес"

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев өзүнүн тарапташтары менен "Ата-Мекен" партиясынын штабында жолугушуу өткөрүүдө. Анда Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Текебаев менен Чотоновдун үй камагына чыгышы үчүн жактоочулары Таалайкүл Токтакунова менен Чынара Жакупбековага ыраазычылык билдирди. Бул учурда сөз алган Текебаев аялдар жөнүндө буларды айтты.

"Айгүл (ред.Текебаева) мага жолугушууга барганда мындай деп айтып калды "Бир күнү Роза Исаковна, дагы бир топ аялдар болуп Болот Шердин үйүнө бардык. Анан Болот мени "Текебаев адамдарды тандаганды билбейт, менин айткандарымды укпайт" деп сындай баштады дейт. Анан бир топко пауза кылып туруп "бирок аялдарды тандагандан жаңылган эмес" деп коёт" дейт.

Анткени Роза Исаковна, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Асия Сасыкбаева сыяктуу бир топ аялдар барган экен. Мен аялдарга өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Эркектер, капа болбогула. Аялдар абдан туруктуу жана кайраттуу келишет экен", - деди ал.

Бүгүн, 29-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, анда экөө үй камагына чыкты.

Отунбаева жандап турду: Үй камагына чыккан Текебаевдин кайрылуусу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
JENTLEMAN
2019-08-29 18:16:07
Ал атаган аялдарыңдын баарын (сени баш кылып) Аша убагында офчаркадай кылып иштетип, аягынла сатып кетсе, алардын баш калкалай турганы сен болуп калсаң анан сага туруктуу болотта.
-6
Baktiyar731
2019-08-29 18:52:49
JENTLEMAN, точно
+2
daniel87
2019-08-29 18:37:56
Ата-мекендин Текебаевдин адамдары туруктуу ,биримдуу, билимдуу ,акыйкат учун башын сайып койгон адамдар экен .азаматсынар силерди карап биз жаштар особуз !силер бизге акыйкат ,принциб деген эмнени уйроттунор
0
4ika1989
2019-08-29 20:40:54
Алга Ата-Мекен, Парламентте эң мыкты дегеле Мекенибиздеги эң алдыңкы партия бул Ата-Мекен! Текебаев билеет, кимди партияга кошушту? Ата-Мекендин депутаттары бир топ жогору турат баардык жагынан, башка партияга караганда.
-2
Jaznura
2019-08-29 20:51:18
Тилекке каршы кыргыз саясатында аялдардын этегине жамынуу өнөкөтү калбаптыр
+12
rysik79
2019-08-29 22:27:56
Атамбаев мен кол чабуулар менен чыгам а сен камаласын деген созу аткарылды.
+13
JaneEr
2019-08-30 00:50:11
"Чыныгы эркектин" созу эмес!Аялдар защита кылдыбы сизди ошондо ?))))))
+8
jypar.ermatova
2019-08-30 00:56:26
Кудайым аай жакшы чыгыптыр суйунучтуу кабар ушу камалгандарга ичим ачышат
+1
Nurbek555
2019-08-30 17:17:58
Чулгандуу видео да жанылган эммесин,ал да жакшы аял!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан