Башкы прокурор: "Сапар Исаков парламентти ишендирип, өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн"

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБи боюнча күнөө 8 адамга оодарылып, депутат, төрага эмне себептен жоопкерчиликке тартылган жок деген суроону узатты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламент тарабынан эч кандай мыйзам бузуучулук болгон эместигин белгиледи.

"1961-жылы курулган Бишкек жылуулук электр борборунун жабдыктары эскирип, модернизация керек экендиги айтылып келген. Сапар Исаков 386 миллион долларды өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, мындай айтканда, 120 депутаттан турган парламентти ишендирип, келишимдерди ратификация кылган.

Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган. Ал чечим күчүндө турат, ал жокко чыгарылган жок, насыянын келиши мыйзамдуу. Бул нерсе депутаттык комиссиянын чечиминде да айтылган, насыя мыйзамдуу, анын укуктук күчү бар. Бул жерде парламент тарабынан эч кандай мыйзам бузуучулук болгон эмес", - деди Жамшитов.

Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кандай айып тагылганы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан