"Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу маалымат жалган", - деп бүгүн, 5-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KGˊге маалымдады.
“Азыр тергөө жүрүп жатат. Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү боюнча эч кандай маселе өткөрүлгөн эмес. Адвокаттын айтып чыккандары чындыкка дал келбейт”, - деди Сулайманов.
Кечээ, 4-октябрда Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу УКМК соттон уруксат алышкандыгы боюнча Нурбек Токтакунов айтып чыккан.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда абактагы тергөө мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылган. 1-октябрда тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылып, 5-декабрга чейин камакта калтырылган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.