Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканадан качан чыгары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Ишемби күнү ооруканага барганда Сапар Исаковдун абалы начар болчу. Азырынча ооруканадан качан чыгары белгисиз", - дейт жактоочу.
16-августта Сапар Исаков абактан ооруканага жеткирилген. Ага кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз коюлган. Аталган синдром жаш куракта инсульт алуунун бирден-бир себеби болуп саналат.