Астротөлгө: 30-август күнү төрөлгөн адамдар тапкыч болушабы?

30-августта төрөлгөн адамдар чынчыл, ак көңүл болушат. Булар ар дайым жакындарынын көңүлүн алып камкор болууга аракет кылышат. Бул күнү төрөлгөн мырзалар таза, ишенимдүү, олуттуу ойлонушса, айымдары токтоо, акылдуу келишет.

Бул күнү жарыкка келген адамдар чыгармачылыкка жакын болушат. Булар тапкыч, логикалык жактан терең ойлонгондуктан ар кандай өзгөчө нерселерди ойлоп табууга жөндөмдүү келишет. Албетте, мунун артынан көптөгөн ийгиликтерди багынта алышат.

30 санынын алдында төрөлгөндөр мамилечил, достукту баалагандыктан ар түрдүү адамдар менен тил табыша алат. Ал эми романтикага жакын болгондуктан сүйүктүүсүнө ар кандай белектерди берип идеалдуу болбосо дагы, ишенимдүү өнөктөш болууга болгон аракетин кылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан