Астротөлгө: 29-январь күнү төрөлгөндөр позитивдүү ойлонуп, адамдардын жакшы жагын көрө билишет

Бул күнү төрөлгөндөрдө прогрессивдүүлүк, адилеттүүлүк, жөнөкөйлүк, чыдамдуулук сапат башкы орунда турат. Тубаса психолог болгондуктан адамдын оюн окуп, керек болсо жардам берүүгө, кам көрүүгө аракет кылышат. Жалгыз болсо да, топ менен болсо да ийгилик жарата алышат. Ички жан дүйнөсүндө өзгөчө "мени" жайгашкан. Ошондуктан кайталанма жашоону өзгөртүүнү каалашат. Жумушта, чыгармачыл чөйрөдө жана жеке жашоосунда активдүүлүгүн көрсөтүп, койгон максаттарына сөзсүз түрдө жетишет. Кылган аракетине жараша баалануу, мактоого арзуу булардын тилеги. Бардык нерсеге позитивдүү көз караш, жакшы үмүт менен карап, адамдардын жакшы жагын көрө билүү - бул күнү төрөлгөндөрдүн өзгөчөлүгү.

Түшүнүктүү, берешен жана ак көңүл бул адамдар сүйүү жаатында романтикага басым жасоо менен түбөлүктүү түгөйүн издешет.

Бул күнү төрөлгөн белгилүүлөрдүн катарында депутат Канатбек Керезбеков, орус драматургу Антон Чехов, америкалык телеалпаруучу Опра Уинфри, түрк актёру Энгин Гүнайдын, орусиялык ырчы Дмитрий Маликов, америкалык актёр жана режиссёр Жастин Хартли да бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuris_abdiev
2019-01-31 21:22:55
Бир тараптан туурадай эле жазылгандай го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан