"Жоокердин энелери" комитети токко урунуп эки колунан ажыраган жоокердин ишин иликтеп жатат (кырсык болгон жерден сүрөт)

"Жоокердин энелери" комитети токко урунуп эки колунан ажыраган 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаевдин ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрайымы Уулкан Байгубатова SUPER.KG'ге кабарлады. Байгубатова өз алдынча иликтөө жүргүзүү үчүн кырсык болгон аскер бөлүгүнө барып келди. Анын айтымында, жоокер токко урунган учурда трансформатордун эшиги ачык болгон.

"Майлуу-Сууга барып бала токко урунган трансформаторду көрдүм. Андагы токтун кубаттуулугу 6 миң вольттук экен. Чынында бала трансформатор жайгашкан короого кирип, чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын уясына кайра салган. Бирок уя турган жерде ток жок экен. Бул эми экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болот. Ошентсе да факты түрүндө трансформатордун короосу тосулуп турганы менен эшиги ачык турган. Анан да коопсуздук белгилери эскирип калган. Ал эми "ток бар" деген жазуулар кийин жазылыптыр. Аны атайын карап чыктым. Азыр иш Аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери анын жыйынтыгында белгилүү болот", - деди Байгубатова.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Алган жаракатынан улам Бишкектеги 4-ооруканага алынып келип, алгач оң колунун, андан кийин сол колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

Руслан Сапарбаевге жардам берүүнү каалагандар апасы Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 Элсом номерине же 1030121100001856 эсебине акча которуп койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2018-09-05 13:21:37
Жазууларды жоокерди ток тарткандан кийин жазгандай го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан