ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев 27 жашка чыкты

Бүгүн мушкер Азат Үсөналиев 27 жашка чыкты. Ал 1991-жылы 11-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Эл аралык класстагы спорт чебери Азат Үсөналиев бокс боюнча Кыргыз Республикасынын 4 жолку чемпиону жана Азия чемпиону.

Спорт менен аралашып калуусуна атасы жана агалары Талант жана Данил себеп болгон. Алар бокс менен машыккандыктан иниси Азатты дайым алдыга сүрөп, колдоп келишет. Азат Үсөналиев бокс секциясына 10 жашында барган. Алгачкы машыктыруучусу Вячеслав Шарапов болочоктогу Азия чемпионунун талантын байкап, анын техникалык чеберчилигин арттырган. Убакыт өткөндөн кийин Ильяс Маровдун кол алдында машыгып калган. 16 жашынан баштап бокс менен олуттуу түрдө алек болуп, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин бардык жашоосун бокс менен өткөрүп, өлкө намысын коргоп келе жатат.

Азат Үсөналиев 2007-жылы өспүрүмдөр арасындагы Кыргыз өлкөсүнүн улуттук чемпионатын жеңип, спорттогу кыйыр жолун андан ары күчөтөт. Андан соң Кыргыз мамлекетинин чегинен чыгып, дүйнөлүк аренада күч сынашкан.

2007-жылы сентябрь айында Баку шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында Дүйнө биринчилигине катышып, ал жерде мыкты атаандаштарды кезиктирип, көп тажрыйба топтогонго жетишет.

Азат Үсөналиев 2009-жылы Кытайдын Чжухай шаарында өткөн Азиянын континенталдык чемпиондугунда бир топ тажрыйбалуу өзбекстандык мушкер Рафикжон Султановду жеңип, дүйнөгө белгилүү боло алган. Мындай жыйынтыктардан соң, Азат 2009-жылы АИБАнын Миланда өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна, 2010-жылы Гуанчжодогу “Азия оюндарына” жана 2011-жылы Бакуда өткөн Дүйнө биринчилигине катышууга укук алып, өз карьерасында баалуу тажрыйба топтой алды.

Олимпиадалык оюндарга жолдомону камсыздоо үчүн квалификациялык беттеште эң күчтүү делген казакстандык фаворит Ильяс Сулейменов менен бет келген. Азаттын жеңүү мүмкүнчүлүгү дээрлик чоң болгону менен казак спортчусу жеңишке жетишкен. Анткен менен Үсөналиев атаандаштарына жогорку деңгээлдеги боксту көрсөтө ала тургандагын далилдеди.

Ал эми 2013-жылы Иорданиянын борбору Амман шаарында жеңил салмакта кыргыз мушкери Азия чемпиондугунда өзбекстандык Шахобиддин Заировду финалдык беттеште жеңип, жыйынтыгында Кыргыздын тарыхында биринчи алтын медалды камсыздай алды. Бул анын атын бир топ алыска жеткирип, өлкө асабасын желбиретти.

Азат Үсөналиев Алматыда өткөн Дүйнө чемпиондугуна барган. Алгачкы беттешинде молдовалык мушкер менен рингге чыгып, утуп алат. Андан кийин казакстандык спортчу менен чыгып, тилекке каршы, жеңишти алдырып жиберген. Бирок беттешке күбө болгон бардык бокс серепчилери Азаттын каршылашынан күчтүү болгондугун айтып чыгышкан.

2014-жылы Ташкент шаарында Сидней Жексондун элесине арналган эл аралык мелдештин жыйынтыгында Азиялык бокс конфедерациясы (ASBC) тарабынан Азат Үсөналиев "Май айынын мыкты боксчусу" деп да аталган. 2014-жылдын күз айларында Инчондо болгон Азия оюндарында Азат алтын байге алуу үчүн башкы талапкерлерден болгон. Тилекке каршы, алгачкы беттешин ийгиликтүү баштаганы менен чейрек финалда пакистандык Мухаммад Васим менен беттешүүдө жаракат алып, калыстардын калпыс чечими менен мелдештен четтетилген.

Үсөналиевдин кийинки кадамдары ушуну менен токтоп калган жок, ал бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 4-сезонунда атактуу "Украина атамандары" клубунда франчайзер катары кошулуп, 4 беттештин үчөөнү жеңип, Европанын 2 жолку чемпиону британияллык Эндрю Селбиге утулуп калган. Эндрю Селби ал кезде "Италиянын чагылгандарынын" курамынын намысын коргоп жүргөн.

2018-жылы 26-майдан 31-майга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Губернатордун кубогу" эл аралык мелдеши болуп өткөн. Мелдешке 15 өлкөнүн боксчулары катышып, 10 салмактык категория боюнча күч сынашкан. Мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча өткөрүлгөн аталган эл аралык мелдеште 52 килограмм салмактык категорияда алтын медаль тагынды. Ал чечүүчү беттеште казакстандык Азат Махметов менен кез келген.

Ушул жылдын 19-25-июнь аралыганда Монголияда өткөн Ulanbaatar Cup-2018 аталышындагы бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргыз мушкер Азат Үсөналиев алтын медалдын ээси болду. Анда атаандашы 3-раундда беттешти улантуудан баш тарткан.

Ал эми Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло медаль тагынды. Мушкер 52 килограмм салмак категориясында финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Жасурбек Латипов менен кез келди. Тилекке каршы, ал жеңилүү ызасын тартып, 18-Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду. Муну менен Азат Үсөналиев өлкө капчыгына 20-медалды алып келди.
11-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан