Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев АКШда өткөн жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медалдын ээси болду

Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев АКШда өткөн жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.

АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн мелдеште Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде АКШлык Эрик Ковалды утуп, чейрек финалда АКШлык Девин Пейситини утуп алды. Жарым финалда Абдурахманхажи Муртазалиев бразилиялык балбан менен кез келди, натыйжада Муртазалиев атаандашын муунтуп, жеңишке жетти.

Финалдык беттеште Муртазалиев дагы бир бразилиялык Алесандро Боргонового туш келди. Беттештин жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш бразилиялык спортчуга ыйгарылып, Абдурахманхажи Муртазалиев күмүш медалга татыктуу болду.

Айта кетсек, Абдурахманхажи Муртазалиев 2018-жылы Азия жана Европа чемпиондуктарын утуп, Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло медалдын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан