"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүч сотко келип түшө элек. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 15-февралда Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
"Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч Жогорку Сотко келген жок. Азыр Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, ал жактан да сурадык. Азыркы сааттарга карата эч кандай өтүнүч келип түшпөптүр", - деп кабарлашты Жогорку Соттон.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберишкенин кабарлашкан.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.