Астротөлгө: 26-октябрь күнү төрөлгөн адамдар тырышчаактыгы менен ийгилик жарата алабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

26-октябрда төрөлгөн адамдар ак ниеттүү, алдыга койгон максатына жете билген, аракетчил болушат. Ошол эле учурда булар абдан тырышчаак келип, кандай кыйынчылык болсо да жеңип кете алышат. Абдан эмгекти сүйгөн адамдар болушкандыктан бирөөнүн тапканына кол сунбай, өзүнүн ак эмгеги менен ийгиликке жетүүгө аракет кылышат. Аракетчилдигинин арты менен байлыкка да, бийликке да жетүүгө умтулушат.

Бул күнү жарыкка келген адамдар жакын адамдарына мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче жардам берүүгө аракет кылып, абдан камкор болушат. Кандай жумуш болсо да эч качан качпай, тырышып жүрүп бүтүрүүгө ашыгышат. Булар кыйынчылыктын артынан сөзсүз ийгилик жараларын жакшы түшүнүшөт.

Жеке мамиледе сүйүктүүсүнө камкор, ишенимдүү өнөктөш болууга аракет кылат. Алар жөн эле бирөө менен убакыт өткөрүп, көңүл ачууну жактырышпайт. Өзүнө өнөктөш болчу адамды тапса ага жан дили менен берилип, болгон сүйүүсүн арноого аракет кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан