Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 10-октябрга дайындалды

Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 10-октябрга саат 16:00гө дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG`ге айыпталуучунун жактоочусу Курманбек Абдраимов билдирди.

Кечээ соттук кароо жабырлануучу тарап А.Салянованын жактоочусу келбей калганына байланыштуу каралбай калган. Сот соттук кароону жылдырууга уруксат бербей, соттолуучу Эрмек Осмонкулов буга чейинки кылмыш иши боюнча суракка алынып, жабырлануучулар да көрсөтмө берген болчу.

Буга нааразы болгон Улан Саляновдун жакындары залга жулунуп кирип, айыпталуучуну сабоого аракет кылышкан. ЖАМКтын кызматкерлери аларды токтотуу аракетин көрүп, ортодо тирешүү орун алган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayida
2018-09-22 00:05:50
Эмне учун Улан байкени олтургон айтыштыбы деги?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан