Бүгүн, 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.
Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүл бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүш тууралуу маалымат берүү.
28 жылдан бери Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет. Кыргыз жеринде мыйзам боюнча эркектер - 63, аялдар- 58 жашынан кары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 миң кары адамдар, жарандардын санынын 7,6 пайызын түзөт. Ал эми Социалдык фонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сом. Бүгүнкү кундо пенсия алууга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөкпул алып келет. Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 17 стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлүп келет. Алардын 405 кары жарандар. Ал эми 920 социалдык кызматкерлер тарабынан 7577 жалгыз жашаган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер социалдык кызматтар көрсөтүлүп келет.
1-октябрга карата жылнаама.