Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы тергөө мөөнөтүн узартуу боюнча маселени карады. Чечимге ылайык, Исаков 5-декабрга чейин камакта калтырылды. Соттук отурум жабык өтүп, саат 17:00дөн дээрлик 23:00гө чейин өттү.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.