17-октябрь күнү жарыкка келген адамдар эмгекчил, мээнетти сүйгөн адамдар болушат. Алар жашоодо кандай кыйынчылык жаралбасын туруштук берип, чыдамкайлык сапатка да ээ.
Коомдо өзүн башкалардай эмес, өзү каалагандай алып жүрүүнү каалашат. Табиятынан бир нерсени алдын ала туюу сезими өнүккөн. Бирок ал сезимдери менен бөлүшкөндү туура көрбөйт. Бул күнү жарыкка келген адамдар бирөөнүн катасын далилдеп, ачыкка чыгаруу жагынан эч кимди астына салбайт.
Булар жеке мамиледе өзүнө абдан ишенимдүү болушуп, бир адамга сезимин билдирип жакын мамиле түзүүдөн коркпойт. Эгерде өзүнө ылайыктуу өнөктөш тапса, болушунча анын ишенимине кирип, колунан келишинче колдоо көрсөткөнгө даяр болушат.