Мурдагы вице-премьер Зилалиев райондук соттун чечимине каршы, шаардык сотко кайрылат

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге каршы экенин айтып, Бишкек шаардык сотко кайрыла турганын кабарлады.

Ал SUPER.KG порталына райондук соттун чыгарган чечими мыйзамсыз экенин айтты.

Кечээ, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
naida81
2018-10-19 11:40:42
жакшы адам,мен былтыр жаны кызмат ордуна барам деп бул адамдын жеке кабыл алуусунда болгом, убактысын аябай кеп кенешин айтып ийгилик каалап, кол койгон. Буйрук даяр болгондо тиешелуу "ставка" бербегеним учун окмоттогу башка адамдар акча берген адамга чечип коюшкан. Бул адам мени тааныбаса да документтеримди кылдаттык менен карап,мага жан тартты эле берген суроолорунан улам озунун билимдуу экени байкалган.Бийликке мындай адамдарды атайы жолотушпайт,а мен кандай адамдар отураарын да кор
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан