Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКдан тастыкташты.
Айрым маалыматтар боюнча, ал Москва шаарында кармалып, Бишкекке жеткирилди.
Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.