Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.
Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.