Астротөлгө: 22-октябрда төрөлгөн адамдардын мүнөзү маанайына жараша өзгөрүп турабы?

22-октябрь күнү төрөлгөн адамдар алдына кандайдыр бир максат коюп ага жете билген, туруктуу болушат. Алардын жүрүм-туруму ой-жүгүртүүсүнөн билинет. Бирок кээде табышмактуу болуп эч кимге сыр бербей, ичинде болуп жаткан ой-толгоолорун да жашырып жүрө беришет. Ошол эле учурда булар бардык нерсени көзөмөлдөп турганды жакшы көрүшөт.

Бул күнү төрөлгөн адамдар негизинен токтоо, тынч жүргөндү жактырганы менен жеке мамиледе шайыр болуп, өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылышат. Ошондой эле булар романтиканы жактыргандыктан өнөктөшүн ар кандай күтүүсүз белектери менен кубанта алат.

22-октябрда төрөлгөндөр алдына койгон максатына жете билген, туруктуу адамдар болгондуктан кандай иш болсо да иштеп кете алышат. Бирок булардын кемчилиги катары мүнөзүнүн өзгөрмөлүүлүгүн эсептесек болот. Алардын адамдар менен болгон тил табышуусу, ачык-айрым сүйлөшүүсү алардын ошол күнкү маанайынан көз каранды. Маанайы жок болуп турса эч ким менен сүйлөшпөй коюусу толук мүмкүн. Мындай мүнөзүнөн улам алар бат-баттан да ишин которуусуна туура келет. Ошондой эле булар чыгармачылыкка жакын болушат. Кызыккан нерсесин бат үйрөнүп, өзгөчө жасалгалуу буюмдарды сатып албастан кол өнөрчүлүк менен жасап алууга жөндөмдүү келишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан