Бүгүн, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогуна катышкан Кыргыз курама командасы өлкөгө кайтып келди.
Улуттук курама алгачкы жолу катышкан Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Кыргыз өлкөсү тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.