Астротөлгө: 12-октябрда төрөлгөндөр ашкере кызганчаак болушабы?

12-октябрь күнү ачык-айрым, шайыр, энергияга бай адамдар төрөлүшөт. Жаңылыктардан эң алгачкылардан болуп кабардар болуп, кызыктуу окуялардын чордонунда жүрүшөт.

Пикир алышуудагы эң башкы куралы - анын өз оюн ачык айта билүүсү. Чечен келип, айланасындагыларды сөзүнө бат ишендире алышат. Калп айтканды жактырбагандыктан, досторунун арасында чынчыл катары кадыр-баркка ээ.

Бул күнү төрөлгөндөр сүйүү мамилесинде башкалардан айырмаланышат. Ашкере кызганчаактыгынын айынан мамилеси көпкө узабайт. Бирок ажырашып кетишсе, кайгыга батпайт, кечирим сурап кайтып келбейт. Мурунку сүйүктүүсүн жолуктуруп калган учурда эмоцияга алдырбастан абалдан чыгып кетет. Айрымдары таптакыр тааныбаган адамдай мамиле кылуудан кайра тартпайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Siren.ms
2018-10-13 00:57:23
Менго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан