Бурулайдын өлүмүнө шектелген жигит күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жок. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жыпара Исабекова 17-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шектүү тергөөчүлөргө берген көрсөтмөсүндө кызды ала качканы гана эсинде бар экенин айтууда.
"Ал берген көрсөтмөсүндө кызды унаага олтургузуп ала качканын гана айтып жатат. Ал эми денесине оор залал келтирип өлтүргөнү эсинде жок. Ага атайын психиатриялык экспертиза жүргүзүлдү, акыл-эси ордунда экен", - деди Исабекова.
Жыпара Исабекова маалымат жыйынында SUPER.KG'нин берген суроолоруна жооп берип жатып кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектүү баланын досу да кармалып камакка алынганын айтты.
Эске салсак, ушул жылдын 27-майында 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, андан кийин өзүнө да бир нече жолу бычак сайып жиберген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.
Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.