"Дастан Садыр уулу катуу ылдамдыкта айдаган эмес" дешет жакындары. Кырсыктан видео

Бүгүн, 26-августта экс-депутат, абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тун уулу жол кырсыгынан көз жумду. Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кырсыктын себеби тууралуу билдирүү таратып, "күбөлөрдүн айтымында, маркум Дастан Садыр уулу катуу ылдамдыкта келе жатып токтоп турган унаага урунган" деп белгилеген.

Көп өтпөй каза болгон жигиттин жакындары ал маалыматты четке кагып, SUPER.KG порталына окуя тартылып калган видеону берди. Жакындары белгилегендей, Дастан Садыр уулу токтоп турган унаага урунган эмес.

"Чүй ОИББи катуу бара жатып токтоп турган унааны сүзүп алган деп калп маалымат таратып жатат. Мына бул видеобайкоодо даана көрүнүп турат. С.Э. аттуу айдоочу унаа токтотуучу жайдан артка жылып, артындагы автоунааны өткөрүп, анын артында удаа эле келе жаткан мотоциклге капталын тосуп берип жатат. Ал жерден бурулууга мүмкүн эмес. Анткени ал жерде эки катар линия турат. Анысы аз келгенсип С.Э. автоунаасы менен Дастанды тебелеп өтүп, жолдун аркы өйүзүндө турган автоунааны сүзүп токтогон. Өзүңүздөр көрүп тургандай, Дастан эч кандай катуу келе жаткан эмес. Ушундан улам "Медет Садыркуловдукундай окуя кайталанып жаткан жокпу?" деген ой келди. С.Э. "эч нерсе жоктой көрүнгөн, бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го деп ойлогом" деп жатат", - деп жазылат маркумдун жакындары берген кайрылууда.

Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.

Дастан Садыр уулунун кырсыкка учурагандагы видеосу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Jelezo
2019-08-26 18:46:46
Автомобил чыгып правиланы бузуп жатат ко.
+14
Leilek91
2019-08-26 18:51:15
Иимди сотко бериш керек жалган маалымат таратканы учун такыр башкача болгон турбайбы
+40
Jaznura
2019-08-26 18:54:49
Кырсыктан саясат жасабагыла. Кайран жигит. Ата энесине сабыр тилейбиз
+21
Abdizhapar
2019-08-26 19:05:12
Чыгып жиберген машина куноолуу
+21
Makain
2019-08-26 19:06:08
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+11
Zidan2
2019-08-26 19:12:24
Машина 100 кунлуу
+12
altyn-kumush
2019-08-26 19:46:03
Баарынар эксперт болбостон, жаткан жерин бейиштен сурап, дуба кылгыла
+6
Nuri1988Elim2010
2019-08-26 20:03:46
Ата энесине сабыр берсин аллахым.Озу абакта жатса кыйын эле болду
+8
raikakyz
2019-08-26 21:55:28
Ой тобоо машиналар тебелеп эле отушуптур да кандай корушпойт,байкуш Жапаровго ушунча оор сыноо берилди.Сабыр тилегенден башка колубуздан эмне келмек эле.Аллахым оз мээримине алган болсун баласын.
+8
Dembele84
2019-08-26 22:00:33
ИИМ кызматы каза болгон жигитке куноону уйуп,наркыдан акча алган бейм.Токтоп турган автону катуу ылдамдыкта келип сузду деп былжырап.Кудайдан корккула ИИМ кызматы.Жыйынтык чыгарган кишини срочно сотко !
+8
Aijanar17
2019-08-28 12:49:48
Dembele84,Туура айтасыз. Камера жок болгондо маркум баланы куноолуу кылышмак. ИИМдин ишине баракелде. Ушундай иштегендери учун эл ишенбейт да.Менин милициям мени коргойбу же кордойбу деген соз чын экен
0
Avrora2017
2019-08-26 22:30:55
Кырсык экени корунуп турат, машина куноолу, менимче, арты кайрылуу болсун баланын жаш кетиптир, ушундай кутулбогон кырсыктан кудай сактасын
+4
Take_men
2019-08-27 10:49:06
Жаннатын берсин. Бул кокустук. Баарын эле саясатка чаптай бербегиле да
-3
sainazarov0555
2019-08-27 14:38:30
Жакшы дагы жолдо камера бар, болбосо . . . . . .
+2
bekov01
2019-08-27 18:10:00
Жазасын алышы керек бул акмак!
0
Aijanar17
2019-08-28 12:55:52
Жашоо бумеранг бул айдоочуга да мындай кырсык кайтып келет бир куну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан