Марс Бөдөшовдун апасы: "Балам Бурулайды сүйүп жатса, ага кантип бычак саймак эле? Мен ишенбейм"

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 10-декабрга белгиленди.

Ал эми айыпталуучу Марс Бөдөшовдун апасы Гүлипа Бөдөшова баласынын Бурулайды бычак менен сайып өлтүргөнүнө ишенбей турганын айтат.

"Мен окуя болгонго чейин Бурулайга сөйкө салганы барганда анын ата-энеси артка кайтарды. 4-майда да балам кызды ала качканда орто жолдон атасы "эркекче сөз берем, кызымды эки айдан кийин кол менен сөйкө салып алып кеткиле" дегенинен балам унчукпастан аларга ишенип кайра Бишкекке алып келди.

Эми өзүңөр билип жаткандай соттук отурумда Бурулайдын Каныкей деген жеңеси Марс менен кыздын сүйлөшүп жүргөнүн толук биле турганы айтылды. Бирок ал сотко келип көрсөтмө бере албастыгын, учурда Орусияда жүргөнүн айтышууда. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал келин Бурулайдын агасы менен ажырашып кетиптир. Ошол себептен, бул үй-бүлөгө тиешеси жок адам катары соттук ишке аралаштырбай жатышат. Себеби ал Марс менен Бурулайдын мамилесин билчү да. Мен дагы бир жолу айтам, бул каргашага кыздын үй-бүлөсү жана эжелери күнөөлүү. Ошондой эле Бурулайга сөйкө салып кеткен жигит тигүү цехинде кыздын эжелери менен чогуу иштегенин уктук. Ошондуктан ошол балага беребиз деп сөйкө салдыртышкан экен.

Мен баламдын Бурулайды өлтүргөнүнө ишенбейм. Ал кызды сүйүп Таласка алып баратса, кантип ага бычак саят. Соттук отурумда жактоочуларыбыздын келтирген бир дагы өтүнүчүн судья канааттандырбай жатат. Эмне үчүн? Эми баарыңар көрүп тургандай бычактан бармак издери алынбаса, анын узундугу канча сантиметр болгону такталбаса, анан кантип акыйкат болот. Бул жерде акыйкаттык жок, ошол үчүн мен элден, тийиштүү органдардан акыйкаттыкты талап кылам", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген.

Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатышканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Pchelka85
2018-11-29 21:08:07
Туптуура!!! Кыздын олумуно себепкер булар Турдали мырза озунун уй булоосу менен!!!! Кызын тыынч аталык батасын берип узатканда кызы казыр тируу, бир жигиттин суйкайган келинчеги болмок... Озулорунун куноосун эмнеге моюндарына албай жатышат. "Ооба кызымдын конулу бар экен, но биз кыйнап башкага сойко салдырттык эле"десе честно болмок. Ооба Марстын да укугу жок болчу бироонун чырактай кызын олтургонго!!! Балким Турдали мырза батасын бергенде Марс да олтурбойт беле Бурулайды..??!!!
+11
AzKumFerDan
2018-11-29 21:32:51
Менда Марска боштондук берсин дейм,Кыздын атасы баарына себепчи.ошол учурда милицияга чалбай койгондо окуя башкача болмок.Эми созго турбаган атасы жучуларды артка кайтап тооготпостука алган,Эми Марска асылбай тосмо арыз жазып бериле мункун ошондо кызынар тынч жатаар кабырда.
+11
Kychtyy
2018-11-30 14:31:23
AzKumFerDan, Кандай кое берет суйсо эле не экен олтургону учун жооп бериш керекби акыры. Апасы дагы тируу калган баласынын жанталбасын кылып суйуп атса кантип олтурот деп. Ошондой эле кирип олтурдуго дагы не деш керек. Атасында не куно бул жерде отуруп комент жазгандардын бири дагы ошол кызын жоготкончолук сыздаган жоксунар. Молтурогон кызын жоготуп бозтоп турса атасы куноолу дейсинер тобо. Баары балдарын бактылуу болсун дешет. Балага бергиси келбесе не болуптур.
+2
Agayu
2018-11-29 22:02:25
Эми ар ата эне оз баласын коргонго укукту ал жаратылыштын мыйзамы , бирок ар кандай чуулгандуу ишке кимдин кандай тиешеси бар , ошол ошондой жооп беруу керек , милиция , даарыгерлерге эч качан куну тушпосун ар бир пенденин ! Бизде чегинен ашкан бизнесмен бар , чегинен ашкан саясатчы бар , чегинен ашкан гаи бар , чегинен ашкан милиция бар , чегинен ашкан мугалим бар , чегинен ашкан жонокой адамдар бар кыскасы баары эле кыйын озун эле ойлогон заман . Кыргыстан чындыкты кура турган башчыга муктаж !
+3
Matahara1980
2018-11-30 05:50:54
100% куноолу баласы калп эле олумуш болбогула
-6
barakcha
2018-11-30 12:33:22
Matahara1980, 2жигиттин башын айдантпай жон журуш керек эле.эми болоору болду,Турдали акча ондуруштун амалын кылып атканы ото туура эмес иш.Уят!
-3
BegimaiBegimai
2018-11-30 08:55:11
менин оюмча бала эле олтургон себеби мурда да аракет кылыптыр уйлоном деп бирок кыздын ата энеси конбой убара кылыптыр. анан дагы бир жолу аракет кылып корот ала качканга. мунусунда дагы ата энеси каршы болсо озумду да Бурулайды да олтуром деп бычак салып аган болушу мумкун. же меники болот же эч кимдики деп озуно да кызга да бычак саят.ажалы жетпей озу олбой калат.
+2
Baku88
2018-11-30 09:19:08
Күнөөнүн баары атасында женилген күрөшкө тойбойт болуп түштөн кийин акыйкат издемиш болуп ар кайсы жерге чуркап жүрөт эптеп акча өндүрүш керек окшойт 2000000 төлөп бергиле деп жүргөн акчаны алып баланы бошоттуруп койсун балада эч кандай жаман ой жок эле кызды өлтүрүп коёюн деп алып качпаган чыгар бактылуу болойун бактылуу кылайын деген ой менен бараткан жеринен бир звонок мн жаштардын тагдырына балта чапты чырактай кызын өлтүрүп тынды күнөө атасында
0
barakcha
2018-11-30 12:36:18
Baku88,туура!Карыганда калдаландап ар эшикти бир сузуп акча ондуруштун амалын кылганы ото уяттуу иш.Куноо 100%озундо
-2
admin_superstan
2018-11-30 13:16:44
Matahara1980, barakcha, gitaris93
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар. Порталдын эрежелерин сактагыла!
0
Matahara1980
2018-11-30 14:13:51
admin_superstan,ok
-1
ma2as
2018-11-30 13:42:53
Жашоо кызык . Кызуу кандыкка салып олтуруп алып . Эми куноосу жок дешип . Азыр чындыкты жалган деп , караны ак дейт турган заман болуп калды . Соттор эмес социялдык тармактар чече турган болуп калды
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-11-30 13:55:37
Сүйсө сүйгөндүр бирок Марс эле өлтүргөн мага тийбесен анда эч кимге тийбейсин деп кызганып өзүн кармай албай өлтүрүп салган
+1
ekonomist.
2018-11-30 14:56:13
Эгер чындап олтургон болсо, доказать этип мойнуна коюп (запись, бычактагы колунун изи) камаш керек же ак болсо чыгарыш керек, сотту узартып кызды да(кабырында)кыйнап жатышатда..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан