Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жибергенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Режиссёр милицияга 10-ноябрда кайрылып, унаасын уурдатып жибергенин билдирген. Анын жазган арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында анын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы Чүй облусунун Милянфан айылынан өрттөлгөн абалда табылган.