Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда кол койду.
Бүгүн министр өз каалоосу менен арыз жазганын айтып "азыркы болуп жаткан кырдаалда, тергөө жүрүп жатканда менин жана өкмөт башчынын дарегине түрдүү айыптоолор айтылып жатты. Менин иштөөгө моралдык укугум жок", - деп билдирген.
Айта кетсек, 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан.