Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна саясий ишмер Темирбек Асанбеков жооп берди.
Ал билдиргендей, Конституциянын чегинде мыйзам укуктары күчтүү болсо да, азыркы парламенттеги партиялардын саясий-экономикалык иш аркеттери өтө төмөн деңгээлге келип такалды.
"Биринчиден, партиялардын саясий конъюнктураларга туруштук бере албай, ар бир депутаттын жеке кызыкчылыктары партиянын принциптеринен жогору экени далилденди. Андыктан азыркы саясий топторду реалдуу партия күчү катары коом кабыл алуусуна күмөнсаноо пайда болду. Экинчиден, саясий партиялардын түптөлүүсүнөн улам мыйзамдын сапатсыз экени далилденди. Партия өздөрүнүн парламенттеги депутаттарына жоопкерчиликти камсыз кыла албоосу жана көзөмөлгө ала албастыгы ачык эле аныкталды. Үчүнчүдөн, бул маселелер акыры сапатсыз аткаруу бийлигин түптөөгө жол ачып, ич ара жеке саясий кызыкчылыктарды коргоонун кесепетинен экономика оор абалга туш болду. Төртүнчүдөн, партия тартиптерине баш ийбеген популист депутаттар, жалпы элге жеке өзүнүн өзгөчө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү максатында аткаруу өкмөтүнө болгон дооматтарын жар салуу менен бийлик институттарынын кадыр-баркын коом астында өтө төмөн деңгээлге түшүрүп, саясий кризиске салымын кошуп жатышат. Жогоруда айтылган орчундуу себептерге байланыштуу, азыркы парламенттеги партиялардын иш аткаруусунун жана жоопкерчиликтеринин деңгээли өтө төмөн", - дейт Асанбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.