Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот ишин кароо уланууда

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 13-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин бирин кароо уланууда. Сот отурумунда Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин эксплуатация боюнча орун басары Юрий Календарев суралып жатат.

Календарев мындан мурунку сот отурумунда да суралып, ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын келип чыгышы аба ырайынын кескин төмөндөп кетиши жана жабдыктар жайгашкан бөлүктө терезелердин, чатырдын жок экени маселени курчуткандыгын белгилеген.

Бүгүнкү отурумда суу жылытуучу цехте суунун жетишсиз болгонун кошумчалады. “Кырсык суу жылытуучу цехтеги суунун жетишсиздигинен болгон. Бирок буга жабдыктар жайгашкан бөлүктөгү терезелердин жана чатырдын жоктугу түрткү болгон”, - деди Календарев.

Ишти судья Эмилбек Кайыпов карап жатат.

"Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан