ЖЭБ соту: Сапар Исаков:"Энергетика тармагындагы коллапс апрель революциясына алып келген"

Бүгүн, 2-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Бүгүнкү отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө, модернизацияга чейин өлкөдөгү энергетика тармагы кризистик акыбалда турганын белгилеп өттү.

"Жарыктын күнүмдүк өчүрүлүп турушу кадимки көрүнүш болуп калган. Ал эле эмес көчөнү жарыктандырууда дагы үнөмдөөгө туура келген. Биз энергетика тармагына келгенде коңшулардан көз каранды болуп келгенбиз. Энергетика жаатындагы коллапс апрель революциясына алып келгенин унутпайлы. ЖЭБди модернизациялоо 1995-жылдан бери ар кандай улуттук программанын алкагында пландалып келген. Бирок каражат булагы жок болгондуктан, ишке ашпай жүргөн. Көп жылдан бери аткарылбай жаткан ишке ашып, шаар жана өлкөнүн түндүк аймактары үзгүлтүксүз жылуулук, жарык менен камсыз болду", - деди Исаков

Мындан тышкары, Сапар Исаков: "депутат Каныбек Иманалиев мени TBEAнын өкүлү менен 18 жолу жолуккан деп айткан. Биз бул жолугушууну далилдеген факты сурадык. Мындай фактыны көрсөтө алган жок.Ошентип менин TBEAнын өкүлдөрү менен жолукканым тууралуу бир дагы фактыны УКМК дагы тапкан жок. Ошол эле маалда УКМКнын сурамы боюнча Мусажан Макелек депутат Каныбек Иманалиев менен жолуккан. Бирок Иманалиев өз көрсөтмөсүндө, Мусажан Макелек менен тааныш эместигин айткан", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altyn-kumush
2019-12-02 18:49:51
Сары бала актануунун жолун издеп жатат. Адвокаты айткандай буга адвокат болуунун деле кереги жок. Кылмыш иши көп дейт
+2
chake
2019-12-02 18:50:13
свет 1 сом болгондо эл көчөгө чыккан АША 2.16 сомдон баласы экөө шатыратып сатып жатат элди алдап кеттинер акмактар
0
Bekturbek
2019-12-02 21:23:20
Революция эмнеден келип чыкканын эл, Сапар Исаковго караганда жакшы билет деп билем! Исаков саясатчы болуп жүрүп, саясатты билбесе уят эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан