ЖЭБ соту: "Бул отурум цирк болуп калды". Судья менен Сапар Исаковдун жактоочулары ортосунда келишпестик жаралып, Исаков судьяны бул иштен баш тартуусун талап кылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда отурум "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин жактоочусунун судьяга болгон өтүнмөсүнөн башталган. Ал отурамга TBEAнын өкүлүн суракка алуу үчүн дистанциондук байланыш түзүп берүүсүн өтүнгөн. Буга судья TBEAнын өкүлү УКМКга сурак берип жаткандыктан, өтүнмөнү аткаруудан баш тарткан.

Мамлекеттик айыптоочулар өткөн отурумдагы Исаковдун жактоочусунун өтүнмөсү мыйзам чегинде аткарылышы мүмкүн эместигин билдирди.

Судья менен жактоочу Нурбек Токтакуновдун ортосунда келишпестик жаралды. Анда судья жактоочу этиканы сактабай жатканын эскертти. Буга жактоочулар судья отурумду теңчиликте жүргүзбөй жатканын айтып нааразы болушту. Ал эми жактоочу Замир Жоошев: "Бул отурум цирк болуп калды", - деп эмоционалдуу жооп берди. Нурбек Токтакуновдун айтуусунда мамлекеттик айыптоочулар кылмыш-жаза кодексинин беренелерин негизсиз колдонуп жатат.

Сапар Исаков судьяны бул иштен баш тартуусун талап кылды.

Судья кеңешүүдөн келгенден кийин Исаковдун өтүнмөсү негизсиз экенин айтып, отурум уланарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Absamat-90
2019-11-13 10:58:53
Жактоочу Сапардан алган акчасын актоо керек, ал ошол менен алек.
-1
Bektur2011
2019-11-13 11:04:49
Absamat-90,Туура, бирок Сапар өтө эле жанын жей бербеши керек. Максимге кызмат кылып, кийин АШАга кызмат кылып жанын жеп жүрүп ушул абалга келди. Ойлонбойбу бул чунак бала!
-3
Jaznura
2019-11-13 11:03:01
Сапар Исаков менен Айбек Калиев жаш кезинде Атамбаевдин сасык саясатынын курмандыгы болуп калды. Бири Америкада окуп тарбия көрсө да ашанын түлкүсүнө алданды. Ал эми Калиев болсо "балашканын" түлкүсүнө алданды. Булар ЖЭБге келген акчанын 111 млн долларынын чоо- жайын билбейт. Билбейт эмес билет эле жеп алып эми билмексен болуп жатышат.
+1
altyn-kumush
2019-11-13 11:05:27
Чья корова тут мычала
-3
aydinnur
2019-11-13 11:08:43
цирк эмес куурчак театры болуп жатат бул жагы ..Судьялар куурчактын ролунда)))Шашпа Сапар сенин кочондо да майрам болоор..!
+3
altyn-kumush
2019-11-13 11:11:14
aydinnur,Сапар эч жакка шашкан жок! Шашып жеткен жери турмо болду)))))
-4
aydinnur
2019-11-13 15:14:23
altyn-kumush,адамга жамандык каалардан мурун тобоо кылып, эл кыйналып жатканда алтын-кумушунду чачсан боло))
+1
aydinnur
2019-11-13 11:21:18
ооууу тан атпай жалан жаламалар жайнаптыр го)) Саясатты кое туруп , сантехниктен сурасанар боло(уйкаштык учун айттым) эмнеге свет очуп жатат кундо..Же озунор деле жооп берип койгулачы, лимит жонундо сонун нерселерди жазып аттынар беле))) айрыкча чон кошоматчы Бектур укам сен жооп берчи.Жок дегенде катасыз жазасын, жаламалыгына жараша)))
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан