Инженер: "Бишкек ЖЭБдеги кырсык сууну туура эмес бөлүштүрүүдөн болгон"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 20-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Сот залында "Электр станциялары" ишканасынын башкы инженери Виктор Замковой күбө катары көрсөтмө берди.

Замковой ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык химиялык суу тазалоочу, турбиналык жана от казан жайгашкан цехтеги кызматкерлердин убагында маселени жөнгө сала албаганынан улам болгонун белгиледи. Анын айтымында, кызматкерлер сууну туура эмес бөлүштүрүп, жыйынтыгында насосторго туруп калган суулар тоңуп, суунун жетишсиздигине алып келген.

Замковой ошол эле учурда жабдыктар жайгашкан бөлүктө терезелердин жана чатырдын жоктугу маселени курчутканын кошумчалады.

Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов сот отурумун 25-декабрда улантууну чечти.

"Бишкек жылуулук электр" жана "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
J1irg
2018-12-20 19:26:29
Жээнбеков Сапарды жон жерден каматып салды. Соке башынан эле Исаковду камагысы келип жургон. Ортодон ЖЭБ ызы чуусу чыгып калып, куноонун баарын Сапарга уйуп салганга жакшы себеп болуп калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан